“Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү” акциясы

Бүгүн, 7-декабрь күнү КӨЭАУнун юридика-бажы факультетинде “Укуктук аймак” долбоорунун негизинде 16 күндүк “Гендердик зомбулукка каршы күрөшүү” акциясынын алкагында Кыргызстандын аял-судьяларынын ассоциациясы менен биргеликте атайын иш чара уюштурулду.
Аталган иш чарада Кыргызстандагы аял-судьяларынын ассоциациясынын судьясы Смаилова Асел Асылбековна “Гендердик зомбулукка байланыштуу соттук иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” деген темада презентация жасады.
Андан соң келген коноктордун каалоо-тилектери айтылып, иш чара суроо-жооп, талкуу менен коштолду.