“Түрк дүйнөсүндөгү агартуучулук жана салттуу баалуулуктар” аталышында илимий-практикалык конференция өттү

Карапайым калктын арасынан чыккан алгачкы агартуучу-аалым, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата КР ИАнын Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институту, КР Президентине караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду менен биргеликте Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети “Түрк дүйнөсүндөгү агартуучулук жана салттуу баалуулуктар” аталышында илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Илимий иш чарага Кыргызстандын баардык аймактарында жайгашкан жогорку окуу жайлардан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн көрүнүктүү илимпоздор, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
Иш чарага чакырылган сыйлуу коноктор илимий-практикалык конференция өз ишин баштаганга чейин “Памир кыргыздарынын салттуу баалулуктары” көргөзмөсү менен таанышып чыгышты. Ошондой эле 2022-жылы эл аралык түрк академиясы тарабынан чыгарылган Төлөбек Абдырахманов, Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев тарабынан биргелешип жазылган “Эки доор инсаны Ишеналы Арабаев” аталышындагы китептин бет ачарына күбө болушту.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин кайрылуусу жана сый коноктордун куттуктоо сөздөрү менен илимий практикалык конференция өз ишин баштады. Пленардык жыйында Ишеналы Арабаевдин илимий ишмердигине, калк катмарын агартуу багытына, салттуу баалуулуктардын сакталышына жана өнүгүшүнө негизделген докладдар окулду. Түшкү тыныгуудан кийин илимий конференция секциялык иштерде улантылды.
Секциялык иштер акырына чыгып, жыйынтыкталгандан кийин конференция катышуучулары кайрадан пленардык жыйынга чогулуп, секция башчыларынын маалыматтарын угушту. Андан соң резолюция кабыл алып, илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады.