Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эл аралык конференция болду

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети  “Тоолордун экосистемаларынын туруктуулугун жана климатты коргоо жылына “ карата “Экосистемалардын туруктуулугу жана климат: жаратылыш ресурстары жана адам ищмердиги” аталышында эл аралык илимий практикалык конференция өткөрдү.

Иш чарага жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимпоздору, бийлик өкүлдөрү   катышты. Окуу жайдын маданий-эстетикалык комплексиндеги чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын тоо экосистемасын чагылдырган видео баяндын көрсөтүлүшү аркылуу илимий- практикалык конференция пленардык жыйынын баштады.  Ага улай эле  Кыргыз-Өзбек  Эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаевдин жана  конференциянын ардактуу коноктору куттуктоо сөздөрүн айтышты. Пленардык жыйын үчүн даярдалган докладдар угулгандан кийин конференциянын катышуучулары секцияларга бөлүнүп иштешти.

Секциялык иштердеги докладдар окулуп, берилген суроолорго жооп алынгандан кийин докладдар талкуулангандыгын жыйынтыктоочу пленардык жыйында секция башчылары маалымдашты. Соңунда он үч пункттан турган резолюция кабыл алып, илимий-практикалык конференция өз ишин жыйынтыктады.