1-курстар арасында спартакиада старт алды

2022-жылдын 14-ноябрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин факультет, колледждеринде окуган 1-курстун студенттеринин  ортосунда спорттун 8 түрү боюнча спартакиада башталды.

Аталган спорттук иш-чара студенттердин ортосунда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, жаштарды дени сак жашоого үндөө, университетке жаңыдан кадам таштаган  студенттердин ортосундагы биримдикти, ынтымактыкты чыңдоо максатында өткөрүлүп жатат. Мыкты деп табылган спортчулар окуу жайдын курама командаларына кошулат.

Спартакиада 14-18-ноябрь күндөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин спорттук жайларында өтөт.