Ѳзбекстан улуттук университети менен кызматташуу келишимдери жаңыланды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, доцент Исаков Топчубай Эргешовичтин жетекчилигинде университеттин расмий өкүлдөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайлар менен кызматташууну күчөтүү максатында 2-март күнү Мирзо Улугбек атындагы Ѳзбекстан улуттук университетинде болушту.
Аталган эки окуу жайдын өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу уюштурулуп, эки тараптуу илимий потенциалды жогорулатууга багытталган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды. М.Улугбек атындагы Ѳзбекстан улуттук университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, профессор Ширинова Раима Хакимовна жылуу кабыл алып, кыргызстандан барган конокторго өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтык келишимдери жаңыланды. Келишимдердин негизги максаты эки университеттин ортосунда достукту чыңдоо, биргелешкен илимий конференция жана семинарларды өткөрүү, студенттер жана окутуучулар ортосунда эл аралык академиялык мобилдүүлүктү жолго коюу, бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүнө педагогика адистиги боюнча 2+2, 1+1 окуу программаларын ачуу, ошондой эле прфессордук-окутуучулар жамаатынын квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу болуп саналат.