Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Бүгүн, 26-сентябрда ОшМУда Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Аны менен катар эле анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгы белгиленди.
Конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөнүн бардык аймагынан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптештери, шакирттери катышты.
Коноктор Абдыганы Абдувалиевдин адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери тууралуу айтып, мааракеси менен куттукташты.