Сыймыктуу студенттер жана окутуучулар сыйланды.

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин атынан эл аралык жана республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып, ийгилик жараткан студенттер менен окутуучулар кезектеги Окумуштуулар кеңешинде сыйланышты.
 Атап айтканда, Ала-Тоо Эл аралык университети базасында өткөрүлгөн Hackathon Click 2025 долбоордук конкурсунда ийгиликтүү катышкандыгы үчүн:
ИтжТПФнын «ТИОУ» кафедрасынын ага окутуучусу Рахила Калмурзаевага, ИФФнын «Келечек» жаштары командасынын мүчөлөрү: Саитов Нурбол, Муратов Гуламидин, Рахматуллаева Рабия, Аматова Саида
сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
 Мындан тышкары, университеттин студенти Ишанов Абдулкудус “КМШнын мыкты студенти” төш белгиси жана ыраазычылык баракчасы менен сыйланды.
 Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков студенттерди жана окутуучуларды жетишкендиктери менен куттуктап, алардын ийгиликтери окуу жайдын аброюн көтөрүп жатканын белгиледи. Ректор мындан ары да жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып, окууда жана чыгармачылыкта ийгиликтерди каалады.
 Бул жетишкендиктер — университеттин билим берүү сапатынын жана жаштардын потенциалынын айкын далили.
Коммуникация жана медиа департаменти