Андижан окумуштуулары Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде

Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков тиешелүү түзүм жетекчилери менен биргеликте Андижан экономикалык-педагогикалык университетинин окумуштууларынан турган делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Абдилбает Мамасыдыков билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолуп, университетте ишке ашырылып жаткан алгылыктуу иштер тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Андижан экономикалык-педагогикалык университетинен келген делегация өкүлдөрү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү багытындагы сунуштарын билдиришип, окуу жайдын эл аралык ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти.
Мындай жолугушуулар билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү бекемдеп, тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти

Возможно, это изображение текст

Возможно, это изображение текст