Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун вокалдык-аспаптык чыгармачылык жамаатынын катышуусунда «Улуу Жибек жолу — музыка аркылуу биримдик» аттуу маданий концерттик кечеси жогорку деңгээлде өттү.
Коноктор алгач университеттин заманбап окуу борборлору жана тарых-филология факультетиндеги атайын кааналар менен таанышып, университеттин билим берүү базасына баа беришти.
Иш-чараны ректор, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, Андижан мамлекеттик педагогикалык институту менен кызматташтык кеңейип жатканын белгилеп, келечектеги биргелешкен долбоорлорго кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Концертке Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу Азамат Болтаев катышып, КӨЭАУнун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн достугун чыңдоого салым кошкон иш-чара экенин баса белгиледи.
Андижандык өнөрпоздор көп улуттуу чыгармаларды кыргыз, өзбек, тажик, орус жана түрк тилдеринде аткарышып, көрүүчүлөрдү руханий кубатка бөлөп, жандуу маанай тартуулашты. Концертке университет жамааты жана шаардагы мектеп окуучулары да күбө болушту.
“Эки окуу жайдын кызматташтыгынын негизги максаты – студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, окутуучулардын тажрыйбасын арттыруу жана маданий көпүрө түзүү,”- деди КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу.
Иш-чаранын соңунда ректор өнөрпоздорго ыраазычылык кат жана эстелик белектерди тапшырып, өз ара жылуу мамиле жана достуктун дагы бир көрүнүктүү мисалы болуп калды.