Ата-бабаларды жана тарыхты эскерүү күнү белгиленди

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин кесиптик колледжинде 7-8-ноябрь -Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата “Репрессиянын курмандыктары жана Ы.Монуевдин мамлекеттик ишмердүүлүгү” аталышындагы тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын коногу катары Ы.Монуевдин бир тууган иниси Ө.Монуев жана колледждин жетекчилиги, окутуучулар, студенттер катышты. Тегерек стол кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, ийгиликтүү аяктады.