Ата-мекендик «БАРБОЛ» компаниясынын негиздөөчүсү КӨЭАУда

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ата-мекендик өндүрүштүн лидери, «БАРБОЛ» таттуулар компаниясынын негиздөөчүсү жана меценат Канатбек Акаевди кабыл алды.
  Эскерте кетсек, ишкер Канатбек Акаев университеттин 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөдөн келген конокторду жана жергиликтүү илимий кызматкерлерди сыйлап узатууда демөөрчүлүк көрсөткөн.
Жолугушууда өндүрүш үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, илим менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.
 Университет жетекчилиги меценат Канатбек Акаевге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык катын жана университеттин логотиби түшүрүлгөн эстелик белегин тапшырды. Ошондой эле Эл аралык байланыштар департаментинин директору Чыңгыз Мамажакып уулу конокту университеттин базасы менен тааныштырды.
 Өз кезегинде Канатбек Акаев КӨЭАУнун заманбап чакырыктарга ылайык өнүгүү багытын жогору баалап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
  Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение костюм, Овальный кабинет и текст
Возможно, это изображение текст