Волейбол боюнча ректордун кубогу үчүн эл аралык достук беттеши жыйынтыкталды

Волейбол боюнча ректордун кубогу үчүн эл аралык достук беттеши жыйынтыкталды
Кечээ, 18-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде спорттун волейбол түрү боюнча ректордун кубогу үчүн эл аралык достук беттеши өттү.
Аталган спорттук иш чара окуу жайдын 30 жылдык маарекесине карата уюштурулду. Достук мамилени чыңдоо максатында өткөрүлгөн беттешке өлкөбүздүн түштүгүндө жайгашкан жогорку окуу жайлардын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучуларынан куралган командалар күч сынашты.
Спорттук иш чаранын ачылышына КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жетекчилик катышып, алыс-жакындан келген конокторго окуу жай боюнча маалымат берип, жогорку окуу жайлардын ынтымагы ар тараптан өнүгө берсин деген тилектерин билдиришти. ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев жана башка окуу жайлардын өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, өздөрүнүн тилектештиктерин жолдошту.
Байге фонду 250 000 сомду түзгөн спорттук беттеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, жеңүүчү командаларга окуу жай тарабынан диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Соңунда спортчулар беттеш мыкты деңгээлде өткөндүгүн, катышуучулар үчүн атайын сый тамактар уюштурулганын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Достук беттеште айымдар арасында:
1-орун ОшМУнун командасы 30 000 сом жана түстүү телевизор;
2-орун ОшТУ 20 000 сом жана чаң соргуч;
3-орун ЖАМУ 15 000 сом жана микротолкундуу меш;
4-орун КӨЭАУ 10 000 сом микротолкундуу меш.
Мырзалар арасында:
1-орун ОшМУнун командасы 30 000 сом жана түстүү телевизор;
2-орун ОшТУ 20 000 сом жана чаң соргуч;
3-орун КӨЭАУ 15 000 сом жана микротолкундуу меш;
4-орун ОшМПУ 10 000 сом микротолкундуу меш.
Мындан сырткары Өзбекстандан келген конокторго, мыкты оюнчуларга акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.