КӨЭАУнун эндокринолог-дарыгери Ташкенттеги “Туракуловдук окуулар” конференциясына катышты

 Кыргызстандын дарыгерлер командасы, анын ичинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин эндокринолог-дарыгери жана окутуучусу Алиева Мадина Илхамовна, Ташкент шаарында өткөн эл аралык деңгээлдеги «Туракуловдук окуулар» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышып келди.
 Иш-чарада эндокринология тармагындагы актуалдуу маселелер, заманбап диагностика ыкмалары, диабетология, калкан безинин оорулары жана нейроэндокринология боюнча жаңы илимий маалыматтар талкууланды. Конференциянын алкагында катышуучулар кесиптештери менен тажрыйба алмашып, жаңы профессионалдык байланыштарды орнотушту.
 Маанилүү сапардын бир бөлүгү катары делегация Ташкенттеги Эндокринология борборуна барып, диабетология, жалпы жана нейроэндокринология бөлүмдөрүнүн, лабораториялык жана диагностикалык борборлордун иши менен таанышты. Ошондой эле калкан безинин ооруларын дарылоодо колдонулган ыкмалар көрсөтүлдү.
 Бул сапар Кыргызстандын жана Өзбекстандын медицина адистеринин ортосундагы кызматташууну чыңдоого чоң салым кошуп, өлкөдөгү эндокринологиялык жардамдын өркүндөтүлүшүнө өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти