«Евразиялы тармактык университет» консорциумунун III форумунун алкагында өткөрүлгөн экинчи секциялык иш Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында болуп өттү.

Иш-чарага консорциумга мүчө жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, чет өлкөдөн келген ардактуу коноктор жана илимий кызматкерлер катышты.
«Евразиялык интеграциянын келечеги: илимий, академиялык жана ишкердик демилгелерди ишке ашыруунун стратегиялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны КӨЭАУнун биринчи проректору, философия илимдеринин доктору Аида Балтабаева ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.
Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү илимпоздор жана изилдөөчүлөр өз баяндамалары менен чыгышты:
 Нарботоева Элида – укуктук-экономикалык факультеттин жеке укук кафедрасынын окутуучусу, КМУнун аспиранты. Тема: «Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо (жарандык-укуктук аспект)»;
 Степаненко Дмитрий Михайлович – юридика илимдеринин кандидаты, Белоруссия-Россия университетинин доценти. Тема: «Беларусь Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн мыйзамдык жөнгө салынышы»;
 Меренков Артём Олегович – экономика илимдеринин кандидаты, Россия Федерациясынын Мамлекеттик башкаруу университетинин доценти. Тема: «ЕАЭБ мейкиндигиндеги транспорт жана логистиканын санариптештирилиши боюнча актуалдуу тенденциялар»;
 Сулайманкулов Максат Осмонович – укуктук-экономикалык факультеттин экономикалык башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын окутуучусу. Тема: «Кыргыз Республикасында мини-ГЭСтерди курууда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу механизмдери».
Бул конференция Евразия мейкиндигиндеги билим берүү, илим жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар эл аралык тажрыйба алмашуу, интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикирлерин ортого салышты.
Эскерте кетсек, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети аталган консорциумдун толук укуктуу мүчөсү болуп саналат. Бул маанилүү форум Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Форумдун алкагында билим берүү, илим жана бизнес тармактарындагы интеграциялык процесстер боюнча мазмундуу талкуулар жүрүүдө.