Ош облусунун Алай районунда улуттук тарыхыбыздагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди.

Юбилейлик мааракеге Президент Садыр Жапаров да катышып, Алымбек датканын эстелигине гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле тарыхый жана маданий экспозициялар менен таанышып, залкар инсандын бай мурасына арналган көргөзмөнү көрүп чыкты.
Президент Садыр Жапаров андан ары Алайдын борбору Гүлчөдө өткөн чоң мааракелик иш-чарага катышып, Алымбек датка атабыздын өмүр жолу баарыбызга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге чоң өрнөк болушу керектигин баса белгиледи.
Эки күндүк программа тарыхый эстеликтерди эскерүү, маданий иш-чаралар жана илимий талкуулар менен коштолду. Иш-чаралар бири-бирин улап, катышуучуларга терең мазмундуу жана таасирдүү маанай тартуулады.
Мааракеге ар кандай мамлекеттик жана коомдук уюмдар, жергиликтүү тургундар активдүү катышып, уюштурууда жогорку жоопкерчиликти көрсөтүштү. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган эмгек жамааты мамлекеттик маанидеги мааракеге жигердүү катышып, мыкты боз үй номинациясы боюнча 10000 сомдук сертификат менен сыйланды.
Алайдын Калама жайлоосунда 270 боз үй тигилип, тарыхый шаарчаны элестеткен өзгөчө чөйрө түзүлдү. Бул маданий майрам Кыргыз элинин салт-санаасын, кол өнөрчүлүгүн, улуттук оюндарын жана баалуулуктарын жайылтууга багытталды.
Мааракеге өлкө ичинен жана жакынкы чет мамлекеттерден коноктор келишти.
Байкоочулардын айтымында, Алымбек датканын мааракеси анын тарыхый ордун эскерүүгө арналып , мамлекеттик деңгээлде өткөн алгачкы иш-чара болуп калды.
Коммуникация жана медиа департаменти