В добрый путь в науку!

Илимге карай изги жол!
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин “Бухгалтердик эсеп, каржы жана социалдык иштер” кафедрасынын кеңейтирилген отурумунда изденүүчү Исмаилов Акимжан Кабылжановичтин “Аймактык кластерди калыптандыруунун экономикалык натыйжалуулугу (Кыргыз Республикасынын Ош облусунун пахта-текстиль кластеринин мисалында)” деген темадагы (шифр: 08.00.05 – тармактык экономика адистиги, илимий жетекчиси: э.и.д., доцент Абдиев М. Ж.) экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык ишин талкуудан өткөрүү каралды.
📍Талкууга КӨЭАУнун ректору, э.и.д., профессор А.А.Мамасыдыков катышып, диссертациялык иштин актуалдуулугун жана экономикалык маанилүүлүгүн баса белгиледи.
📍Ошондой эле кеңейтирилген отурумга ОшМУнун, ОшТУнун жанан КӨЭАУнун экономика багытындагы илимпоз-окумуштуулары катышышып, кызуу талкууну жаратышты жана диссертантка ийгиликтерди каалашты.
Коммуникация жана медиа департаменти