Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара Гуманитардык-педагогикалык факультетинин демилгеси менен уюштурулуп, университетте эмгектенген агайлар үчүн арналды.
Салтанат Ата Мекенди даңазалаган ыр менен ачылып, майрамдык маанай тартуулады. Университет жамааты эр-жигиттерди урматтоо, алардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү ордун даңазалоо максатында жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Майрамдык иш-чарада университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамсыдыков куттуктоо сөз сүйлөп, мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Ал өз сөзүндө эр-азаматтар ар дайым үй-бүлөнүн тиреги, коомдун таянычы жана мекендин ишенимдүү коргоочусу болуп жүрө беришине тилектештигин билдирип, тынчтык жана аманчылык каалады.
Ошондой эле окуу иштери боюнча проректор, профессор Аида Балтабаева жана Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев куттуктоо сөздөрүн жолдошуп, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан агайлардын эмгегин жогору баалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги, ошондой эле окуу жайдын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар агайлар университеттин жана Кесиптик бирлик комитетинин атынан ардак грамоталар, дипломдор жана алкыш баракчалар менен сыйланышты. Мындан сырткары, Гуманитардык-педагогикалык факультетинин эжекелери тарабынан даярдалган белектер университетте эмгектенген бардык агайларга тапшырылды.
Майрамдык кече концерттик программа менен коштолуп, жамаатка жагымдуу маанай тартуулады.
Коммуникация жана медиа департаменти







