Машыгуунун сценарийине ылайык, жатаканада шарттуу өрт кырсыгы уюштурулуп, кырдаалга ыкчам чара көрүү иштери жүргүзүлдү. Алгач КӨЭАУнун техникалык коопсуздук, эмгекти коргоо жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Меражидин Эгембердиев тарабынан КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгына ыкчам маалымат берилди.
Кыска убакыт ичинде куткаруучулар окуя болгон жерге жетип келишип, жатаканада жашаган студенттерди коопсуз эвакуациялашты жана өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча тиешелүү аракеттерди көрүштү. Ошондой эле жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.
Машыгуунун негизги максаты — студенттер менен кызматкерлердин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын текшерүү, коопсуздук маданиятын жогорулатуу жана ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн чыңдоо болду.
Бул иш-чара 2026-жылга бекитилген иш-пландын алкагында өткөрүлүп, коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Мындай машыгуулар ар бир жаран үчүн коопсуздук эрежелерин бекем сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет далилдейт.
Коммуникация жана медиа департаменти




