КӨЭАУда Студенттер күнү өзгөчө шаң менен белгиленди

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү Жаштар комитетинин демилгеси менен салтанаттуу жана көӊүлдүү түрдө белгиленди.
 Иш-чаранын расмий бөлүгүн университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, студенттерди билимдүү, келечекте өлкөгө салым кошкон мыкты адис болууга чакырды.
 Майрамдык аземде алгач ректор тарабынан окуудагы жетишкендиги жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды. Андан соң факультет декандары жана колледж директорлору да өз факультетинин мыкты студенттерин сыйлашты.
 Иш-чара таланттуу студенттердин концерттик программасы менен улантылып, жандуу ырлар жана бийлер сахнага шаң берди.
Жыйынтыктоочу бөлүктө университеттин бириккен кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары ыйгарылды.
 Коммуникация жана медиа департаменти