Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде окуу жай менен кесиптик бирлик комитетинин ортосунда 2026-жылга карата жамааттык келишим расмий түрдө түзүлдү.
Бул келишим жамааттагы талкууларды, сунуштарды жана тажрыйбаларды эске алуу менен жаңыланып, кызматкерлерди жана студенттерди социалдык жактан колдоону күчөтүүгө багытталды. Айрыкча, өткөн жылдарга салыштырмалуу каржылык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу жана социалдык пакетти кеңейтүү негизги артыкчылыктар катары белгиленди.
Жамааттык келишимге университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жана Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев бир жылдык мөөнөткө кол коюшту.
Ошондой эле, келишимдин иштөө мөөнөтү ичинде мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирген учурда, тиешелүү жаңылыктар тараптардын сүйлөшүүсүнүн негизинде келишимге киргизилери маалымдалды.
Бул документ өз кезегинде кызматкерлердин укуктары жана социалдык кепилдиктери дайыма актуалдуу болуп турушуна мүмкүнчүлүк берет.
Коммуникация жана медиа департаменти


