Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде инженердик ой жүгүртүүнү жана инновациялык идеяларды колдоого багытталган маанилүү илимий иш-чара болуп өттү.
Инженердик-технологиялык жана табигый педагогикалык факультетинде “Маалыматтык системалар жана технологиялар” кафедрасынын 1–2-курстун студенттери арасында 1-семестрдин жыйынтыгы боюнча STEAM (Science, Technology, Engineering, Arts, Mathematics) технологиялары багытында илимий кружоктун иши конкурс форматында уюштурулду.
Илимий жетекчилер:
Адылова Элмира Садыкжановна – тажрыйбалуу окутуучу;
Өмүрбекова Гүлзат Кочкорбаевна – техника илимдеринин кандидаты, профессор.
Калыстар тобу (эксперттик комиссия):
Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна – ф.-м.и.к., профессор, факультеттин деканы;
Исаев Ильязбек Эркинбаевич – т.и.к., доцент, Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүнүн башчысы;
Эрмекова Зулайка Карыбековна – т.и.к., университеттин стартап бөлүмүнүн башчысы.
Калыстар тобу студенттердин долбоорлорундагы илимий жаңычылдыгын, практикалык маанисин жана техникалык чечимдерин жогору баалап, ар бир катышуучуга пайдалуу сунуштарды беришти.
Сыйлоо аземинде өзгөчөлөнгөн студенттерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
КӨЭАУ – илим, технология жана инновациянын борбору!
Коммуникация жана медиа департаменти




