15-октябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин Математика жана табигый сабактар бирикмесинде конок лекция болуп өттү.
Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти, география илимдеринин кандидаты Эрнисбек Алайчиев “Кыргызстандын геоэкологиялык абалы” темасында өтүп берди.
Эрнисбек Алайчиев техникалык шарттардагы айрым мүчүлүштүктөргө карабастан, лекциясын жогорку деңгээлде, терең мазмунда жана патриоттук духта баяндап берди. Иш-чара кызыктуу суроо-жооптор жана жандуу талкуулар менен коштолуп, студенттердин чоң кызыгуусун жаратты.
Студенттер агай жөнөткөн шилтемелер аркылуу кошумча материалдар менен таанышып, пайдалуу маалыматтарды алгандыгын белгилешти. Ошондой эле алар Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди камтыган ушундай лекциялар дагы уюштурулушун каалашты.
Жыйынтыгында, кесиптик колледждин окутуучулар жамааты доцент Эрнисбек Алайчиевге студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы үчүн “Ыраазычылык баракчасын” тапшырды.