15-февраль — 1979–1989-жылдардагы Ооган согушунун аяктаган күнү — утурлай, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген ардагерлерге арналган сый-урмат иш-чарасы өткөрүлдү. Бул дата тынчтык үчүн күрөшкөн жоокерлердин эрдигин эскерип, алардын мекен алдындагы кызматын даңазалоонун маанилүү күнү катары белгиленет.
Иш-чаранын алкагында университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ардагерлерди кабыл алып, алардын тайманбас эрдиги, каармандыгы жана өлкө алдындагы ак ниет кызматы үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шерали Эгембердиев жана мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, доцент Сыргак Сарыков сөз сүйлөп, ардагерлерге жылуу каалоо-тилектерин жолдошту. Алар университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик уюму тарабынан ардагерлерге материалдык колдоо көрсөтүлөрүн маалымдашты.
Белгилей кетсек, учурда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ооган согушунун төрт ардагери эмгектенет. Университет жамааты алардын эмгегин жогору баалап, ар дайым колдоо көрсөтүп келет.
Коммуникация жана медиа департаменти



