КӨЭАУда Р.Абдыкадыровдун маданий мурастары борбору ачылат

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде залкар обончу-композитор, ырчы, аткаруучу жана мыкты аккордеонист Рыспай Абдыкадыровдун маданий мурастарын изилдеген жана жайылткан борбор ачылат.
Университеттин ректору, профссор А.Мамасыдыков Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун жетекчиси Султан Борошовду кабыл алып, аталган борборду ачуунун программасын талкуулады.
Маалыматка караганда, борбордо композитордун бюсту, колдонгон буюмдары, ноталары, залкар талант тууралуу жарык көргөн адабияттар, гезит-журналдар, видео жана аудио материалдар орун алат.
Жакынкы күндөргө мерчемделген борбордун ачылуу аземине залкар таланттын чыгармаларын баалаган коноктор 7 дубандан, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келишет.
 Борбордун чарбалык жана маданий-эстетикалык иштерин камсыздоо боюнча тийиштүү жетекчилер менен атайын кеңешме өтүп, жооптуу кызматтарга тапшырмалар берилди.
 Эскерте кетсек, профессор Абдилбает Мамасыдыков жыл башында Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубунун ардактуу президенти болуп шайланып, эл аралык клубдун I даражадагы ордени менен сыйланган.
Залкар обончу-композитор Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Анын «Өскөн жер», «Сагынам, туулган жер сени», «Түгөйүм», «Эсиңдеби», «Жүрөк вальсы», «Жүрөктү кеттиң жаралап», «Сагынуу», «Издейм сени» жана башка ушул сыяктуу төрт жүздөн ашык ырлары эл арасына кеңири тарап, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.
 Коммуникация жана медиа департаменти