Юридика-экономикалык факультетинде уюштурулган «Санариптик укук жана экономика мультимедиалык» борбордун салтанаттуу ачылыш аземине университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, окуу иштери боюнча проректор, профессор Аида Балтабаева жана факультеттин деканы, профессор Алмагүл Көкөева баштаган эмгек жамаат катышып, жаңы борбор билим берүү сапатынын жогорулашына салым кошорун билдиришти.
“Жаңы борбор — заманбап билимди, инновацияны жана санариптик технологияларды бириктирген уникалдуу мейкиндик. Ал студенттерге мультимедиалык материалдар менен иштөө, санариптик укук жана экономика багытында заман талабына ылайык билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”,- деди ректор А.Мамасыдыков.
Иш-чаранын алкагында мультимедиалык презентация көрсөтүлүп, интерактивдүү бөлүк уюштурулуп, катышуучулар үчүн мазмундуу жана кызыктуу маалыматтар берилди.
Коммуникация жана медиа департаменти




