Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду.
Кечени университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, мугалимдердин коомдогу орду жана жаш муунду тарбиялоодогу зор эмгегин белгиледи.
КӨЭАУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы Шералы Эгембердиев окутуучуларды өзүнүн жана Кыргыз Республикасынын Илим жана билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асановичтин атынан кызуу куттуктап, бир топ агартуучуларга ардактуу эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык юбилейлик медалын, “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгисин жана Ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык салтанат өзгөчө шаңдуу маанайда өтүп, университет жамааты билим берүү кызматкерлерине терең ыраазычылыгын жана каалоо-тилектерин айтып, устаттардын коомдогу орду дагы бир ирет даңазаланды.
Коммуникация жана медиа департаменти