Бүгүн, 3-апрель – Бухгалтерлер жана Аудиторлор күнүнө карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлерин жана STEM колдонмо колледжинде жана Юридика-экономика факультетинде бухгалтердик эсеп багытында билим алып жаткан мыкты студенттерди кабыл алып, кесиптик майрамы менен куттуктады.
Ректор университеттин бухгалтердик башкаруусунун эмгеги менен жоопкерчилигин жогору баалап, алардын тармакты өнүктүрүүгө кошуп жаткан өзгөчө салымы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматкерлерге эстелик белектерди тапшырды.
Ошондой эле бухгалтерлердик эсеп кызматынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, аларга мындан аркы окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Коммуникация жана медиа департаменти


