Кыргыз Республикасы географиялык жайгашуусу жана климаты боюнча күн нуру мол өлкө болгондуктан, жылдын көпчүлүк күндөрүндө күн энергиясы жер бетине активдүү түшөт. Бул өзгөчөлүк, айрыкча түштүк аймактарында күн электр станцияларын куруу үчүн эң ыңгайлуу шарт түзөт.
Ошондуктан, өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууда жана экологиялык коопсуздукту сактоодо альтернативдик энергия булактарын — күн нурун жана шамал энергиясын пайдалануу заман талабы болуп эсептелет. Бул багытта мамлекетибизде туруктуу өнүгүүгө багытталган атайын мамлекеттик программалар ишке ашырылып келет.
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети да мамлекеттин энергетикалык, экономикалык жана экологиялык саясатын колдоп, бул тармакта бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.
Эскерте кетсек, 7 жыл мурда университетте кубаттуулугу 6 кВт болгон күн электр станциясы эл аралык илимий долбоордун алкагында курулуп, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү иштеп келе жатат.
Эми бул ийгиликтүү тажрыйбанын уландысы катары үстүбүздөгү жылдын 25–26-сентябрында Ташкент шаарында үч тараптуу меморандумга кол коюлган. Меморандумдун негизинде жакында КӨЭАУда кубаттуулугу 50-60 кВт болгон гибриддик типтеги күн электр станциясын орнотуу жана монтаждоо иштери башталат.
Бүгүн, 9-октябрь күнү аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча КӨЭАУда тараптардын алгачкы жолугушуусу жана кеңешмеси болуп өттү. Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча Улуттук илимий-изилдөө институтунун алдындагы лабораториянын жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, профессор Бахрам Расаходжаев, Ош мамлекеттик университетинин “Энергетика” кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Идирисбек Кенжаев жана долбоордун КӨЭАУдагы координатору, техника илимдеринин кандидаты Өскөнбай Дилишатовдор катышты.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков меймандарды жылуу кабыл алып, биргелешкен илимий жана практикалык долбоорлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Долбоордун алкагында Өзбекстан тарап жашыл энергия багыты боюнча төрт адистти даярдоону колго алат жана гибриддик система орнотулат. Бул система кыш мезгилинде электр энергиясына чектөөлөр киргизилген учурларда университет өзүнүн окуу имараттарынын айрым бөлүктөрүн күн станциясы аркылуу үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кыла ала турган заманбап чечим болуп саналат.
Эскерте кетсек, бул демилге — өлкөбүздүн “Жашыл энергетика” программасын колдоо жана аймактагы жогорку окуу жайлардын инновациялык өнүгүүсүнө салым кошууну максат кылат.
Коммуникация жана медиа департаменти