КӨЭАУда “жашыл энергия” долбоорун ишке ашыруу чаралары кабыл алынды

КӨЭАУда “жашыл энергия” долбоорун ишке ашыруу чаралары кабыл алынды
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор ишке аша баштады. Бул демилге алкагында университетте 50–60 кВт кубаттуулуктагы гибриддик күн электр станциясын орнотуу жана адистерди даярдоо боюнча иш-аракеттер активдүү талкууланууда.
Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте атайын жолугушуу өткөрүп, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн жана анын маанилүүлүгүн кеңири талкуулады.
Жолугушууга Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча Улуттук илимий-изилдөө институтунун лаборатория жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты, профессор Бахрам Расаходжаев, Ош МУнун “Энергетика” кафедрасынын профессору, техника илимдеринин доктору Идирисбек Кенжаев жана долбоордун КӨЭАУдагы координатору, техника илимдеринин кандидаты Өскөнбай Дилишатовдор катышты.
Тараптар жашыл энергиянын потенциалын колдонуу, жогорку окуу жайдын инфраструктурасын энергия менен туруктуу камсыз кылуу жана ошондой эле жаңылануучу энергия боюнча адистерди даярдоону өркүндөтүү – мезгилдин курч талабы экендигин баса белгилешти.
Бул демилге Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө, илим менен өндүрүштүн айкалышкан инновациялык багыттарын кеңейтүүгө маанилүү салым кошот.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст