КӨЭАУда ийгиликтер кербени уланууда: окутуучу жана студент сыйланды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кезектеги өндүрүштүк жыйыны ийгилик жана эки инсанды куттуктоо менен башталды.
Алгач, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, жарандардын коомдогу ролун жогорулатууга арналган үзүрлүү эмгеги жана коомдук-саясий иштердеги активдүүлүгү үчүн университетибиздин окутуучусу Халмуратова Мухтарам Ульмасовна Ардак грамота менен сыйланды.
Сыйлыкты ректор, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков тапшырды. Окутуучубуздун көп жылдык эмгеги, жоопкерчиликтүүлүгү жана коомчулуктун өнүгүшүнө кошкон салымы жогору бааланды.
Ошондой эле, КӨЭАУнун студенти Саид Таджибаев 6-апрель – Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган Ош шаарынын ачык чемпионатында мыкты ийгиликти жаратып, 70 кг салмакта II орунду ээледи.
Күчтүү атаандаштыкта өткөн мелдеште студентибиздин кайраты, ташыган күчү жана туруктуулугу жогорку деңгээлде бааланды.
Бул эки жетишкендик – университетибиздин билимде, илимде жана спортто жараткан ири ийгиликтеринин дагы бир далили.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст