КӨЭАУнун Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинде “Кош жылдыз” кароо-сынагы уюштурулду

 Иш-чара окуу жайдын ректору, э.и.д., профессор Абдилбает Мамасыдыковдун куттуктоо сөзү менен расмий ачылды. Ректор өз сөзүндө ар бир кафедранын намысын коргоп чыккан жуптарга ийгилик каалап, калыстар тобун сынакты адилеттүү жана так баалоого чакырды.
 Ректордун сөзүн улай факультеттин деканы, ф-м.и.к., профессор Жумагүл Жээнтаева иш-чарага колдоо көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, кафедра башчыларына жана ректоратка ыраазычылык билдирди.
 Сынак үч баскычтан туруп, төмөнкү кафедралардын атынан чыккан жуптар сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашты:
• Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасы;
• Механика, энергетика жана дизайн кафедрасы
• Санариптик технологиялар жана информатика кафедрасы;
• Табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы;
• Физика-математика жана окутуунун усулу кафедрасы.
Катышуучулар ырдоо, сахналык аткаруу жана чыгармачылык номерлер аркылуу өз таланттарын көрсөтүшүп, калыстар тобу тарабынан чеберчилигине жараша бааланышты.
Иш-чаранын соңунда калыстар тобу өз пикирлерин билдирип, ар бир жуптун аткаруучулук чеберчилигине жана чыгармачылык талантына жогору баа беришти.
 Калыстар тобунун жыйынтыгына ылайык төмөнкү номинациялар аныкталды:
 “Таланттуу студенттер” номинациясы
Маалыматтык системалар жана технологиялар кафедрасы –
Кулуев Белек жана Орозбаева Гулиза
 “Өнөрлүү студенттер” номинациясы
Механика, энергетика жана дизайн кафедрасы –
Садырбеков Байтур жана Смайлова Элиза
 1-орун
Санариптик технологиялар жана информатика кафедрасы –
Амангелдиев Нурислан жана Тойчуева Аяна
 2-орун
Табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы –
Мажитов Элчибек жана Атакулова Айзада
 3-орун
Физика-математика жана окутуунун усулу кафедрасы –
Өмүрбек уулу Курманбек жана Маматисаева Айзада
“Кош жылдыз” кароо-сынагы студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачып, факультеттеги достук жана ынтымакты дагы да бекемдеген жагымдуу маданий кечеге айланды.
 Коммуникация жана медиа департаменти