Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 4-декабрь – “Манас” эпосунун күнү белгиленип, Тарых-филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты профилинин студенттери арасында “Манас эпосу – муундашкан баалуулуктун мурасы” аталышындагы таймаш өттү.

Иш-чаранын ачылышында Социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Сыргак Сарыков жана факультет деканы Жаннат Каденова сөз сүйлөп, катышуучуларды бүгүнкү Манас күнү менен куттукташты. Алар өз сөздөрүндө улуттук мурас болгон “Манас” эпосун даңазалоо, муундан муунга өткөрүү зарылдыгын белгилешип, таймашка катышкан студенттерге ийгиликтерди каалашты.

Таймаштын максаты — жаштар арасында “Манас” эпосун жайылтуу, руханий байлыктарды таанытуу жана мекенчилдик сезимдерин чыңдоо болду. Мелдеш Тарых-филология факультетинин 2–3-курс студенттери арасында өтүп, «Коломто» жана «Көйкашка» командалары ат салышты

Командалар өз аттарынын маанисин коргоп, “Манас” эпосунан 6 суроого жооп берип, эпостогу көөнө сөздөрдүн маанисин чечмелешти. Андан ары топ башчылар арасында kahoot платформасы аркылуу 15 суроого жооп беришип, командалардын бири-бирине берген суроо-жооптору аркылуу жалпы 6 шарт боюнча күч сынашты.

Мамлекттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков, Магистратура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Назира Тилекова, Тарых-филология факультетинин деканы, п.и.к., доцент Жаннат Каденовалар калыстык кылып, жалпы жыйынтык боюнча, эки команданын тең активдүүлүгүн жогору баалашты. Таймаштын жыйынтыгында 98 упай менен «Коломто» командасы жеңүүчү деп табылып, I даражадагы диплом жана китеп менен сыйланды. Ал эми «Көйкашка» командасы II даражадагы дипломго ээ болду. Мелдешке катышкан башка студенттер да факультеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Коммуникация жана медиа департаменти




