КӨЭАУда Кыргызстан-Өзбекстан жаштарынын трансчегаралык диалог платформасы өттү

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин чоң салтанат залында ШКУ каанасынын ачылышынын алкагында «Өзбекстан жана Кыргызстандын жаштары — боордоштуктун улантуучулары» аттуу эл аралык форматтагы жолугушуу иш-чарасы уюштурулду.
 Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан келген расмий коноктор, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана студенттик активисттер катышып, эки элдин маданий жакындашуусуна багытталган бир катар презентациялар жана платформалык тааныштыруу программалары өткөрүлдү.
 Салтанаттуу жыйында Дипломатия борборунун ишмердүүлүгү тууралуу презентация сунушталып, Наманган мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Х.Кодиров куттуктоо сөз сүйлөдү жана эки тараптуу кызматташууну жогорку деңгээлге чыгарууга кошкон үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковго Наманган мамлекеттик университетинин “Ыраазычылык катын” тапшырды.
“Ч.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму” уюмунун вице-президенти Д.Жумабаева “Чынгыз Ааламы” долбоору, Айтматовдун дүйнөлүк мурастары тууралуу баяндама жасап, университеттин китепканасына баалуу эмгектерди белекке тапшырды.
Шанхай Кызматташтык уюмунун Маданий-интеграциялык борборунун директорунун орун басары Сталбек Бекболотов коңшулаш өлкөлөрдүн жаштарынын өнөктөш аракеттерин жогору баалап сөз сүйлөдү.
“Келечек биздин колубузда, эки өлкөнүн ынтымагын биз улантабыз!”, — деген чакырыктары менен Кыргызстан-Өзбекстан жаштары бири-бирине символикалык түрдө китептерди белекке берип, түбөлүк достук мамиледе болорун баса белгиледи.
 Коммуникация жана медиа департаменти