Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жаңы түзүлгөн “kumu_peace_club” тарабынан англис тилинде “Чыңгыз Айтматов жана тынчтык маданияты” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан тынчтык, боорукердик жана адамгерчилик баалуулуктарын чагылдырган эпизоддорду сахналаштырып жана англис тилинде баяндап беришти.
Бул чыгармачыл көрсөтүү адабияттын коомдогу өз ара түшүнүшүү, гармония жана тынчтыкты бекемдөөдөгү ролун ачык айкындап берди.
Тынчтык клубу төмөнкү багыттарда иш алып барат:
• “Кыргыз жараны” концепциясын жайылтуу
• Тынчтык билимдерин жана универсалдык баалуулуктарды таркатуу
• Студенттердин лидерлик жана командалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү
• Жеке жана социалдык өнүгүүнү колдоо
• Университеттик чөйрөдө тынчтык маданиятын бекемдөө
Бул иш-чара клубдун университетте тынчтык, диалог жана баалуулуктар маданиятын өнүктүрүүгө багытталган алгачкы ийгиликтүү кадамы болуп калды.
Уюштуруучу: “kumu_peace_club” — Тынчтык клубу, түзүүчүсү жана координатору: Алекова Элнура Алмазбековна.
Коммуникация жана медиа департаменти





