Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, окуу жайдын өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү маселелер каралды.
Жыйынды Окумуштуулар кеңешинин төрагасы, университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков алып барып, кабыл алынган ар бир чечим окуу жайдын туруктуу өсүп-өнүгүшүнө багытталышы зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кеңеш мүчөлөрүн күн тартибиндеги маселелерге активдүү катышууга чакырды.
Күн тартибине ылайык, алгач университеттин 2025-жылдагы каржы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча башкы эсепчи Салима Курганбаева баяндама жасады. Анда каржы багытындагы негизги жетишкендиктер жана айрым көйгөйлөр белгиленип, катышуучулар тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлер айтылды.
Андан соң административдик-чарба иштери боюнча проректор Кумар Мисиралиев университеттин 2025-жылдагы чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ал бардык факультеттерде жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерине, материалдык-техникалык базанын жаңыланышына токтолуп, алдыдагы пландар менен бөлүштү. Баяндаманын негизинде бүтпөй жаткан иштер боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Мындан тышкары, жыйында университеттин 2025–2030-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Ошондой эле Окумуштуулар кеңешинин отурумунда бир катар маанилүү ички ченемдик документтер каралып, талкууланып кабыл алынды. Алардын катарында:
— университеттин локалдык нормативдик-укуктук актыларын иштеп чыгуу, каттоо, сактоо жана жокко чыгаруу тартиби жөнүндө нускама;
— университеттин ректораты менен Бириккен кесиптик бирлик комитетинин ортосунда 2026-жылга карата түзүлгөн Жамааттык келишимдин долбоору;
— кесиптик кошумча билим берүү жөнүндө жобо;
— профессордук- окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин эмгек акысын стимулдаштыруу жөнүндө жобо;
— маалымат саясаты жана университеттин “Достук планетасы” гезити тууралуу жоболор бар.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кеңеш мүчөлөрүнүн активдүү катышуусунда кеңири талкуу жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер айтылды.
Коммуникация жана медиа департаменти







