Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага КӨЭАУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, Тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова, кафедра башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.
Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» концепциясынын негизинде уюштурулуп, ааламдашуу шартында кыргыз коомунун адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана улуттук баалуулуктардын мурастуулугун камсыз кылуу маселелерине арналды.
Иш-чаранын жүрүшүндө проректор Сыргак Сарыков Президенттин жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жаткан улуттук уңгужолдун негизги жети багытына токтолуп, студенттерди мекенчилдикке, мамлекеттик тилди терең өздөштүрүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, табият менен гармонияда жашоого, социалдык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
Өз кезегинде Тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова студенттерди мамлекеттик тилди урматтоого, санариптик доордун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга жана интернет мейкиндигинде кыргыз тилин жайылтууга үндөдү.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучусу Исмаилова Самара Жумабековна «Кыргыз тилин үйрөнүүдө Google тиркемелерин жана жасалма интеллектти пайдалануу» аттуу баяндамасын сунуштады.
Баяндамада Google Classroom, Google Docs, Google Forms, Google Slides сыяктуу тиркемелерди колдонуу студенттердин угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү айтылды. Ошондой эле Kahoot жана Wordwall платформалары аркылуу интерактивдүү тапшырмаларды уюштуруунун жана билимди кызыктуу форматта баалоонун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, Gamma жасалма интеллект платформасы аркылуу презентацияларды түзүү, чат-боттор менен сүйлөө практикасын жүргүзүү, тексттерди автоматтык текшерүү жана оңдоо мүмкүнчүлүктөрү кыргыз тилин окутууда жаңы багыттарды ачып жаткандыгы белгиленди. Ошол эле учурда интернет жеткиликтүүлүгү, окутуучулардын санариптик компетенттүүлүгү жана кыргыз тилиндеги санариптик контенттин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр да көтөрүлүп, аларды чечүү үчүн улуттук санариптик ресурстарды көбөйтүү зарылдыгы баса белгиленди.
Иш-чара жандуу талкуу жана студенттердин суроо-жообу менен жыйынтыкталды.
Коммуникация жана медиа департаменти



