КӨЭАУда Орус тилинин он күндүгү башталды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде 11–20-ноябрь күндөрү Орус тилинин он күндүк декадасы старт алды. Иш-чаранын негизги максаты — орус тилинин бай мурасын даңазалоо жана студенттердин тилге, адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу.
 Салтанаттуу ачылыш аземин университеттин ректору, профессор Абдилбает
Мамасыдыков ачып, орус тилинин дүйнөлүк маданияттагы ордун баса белгиледи.
Ачылыш концертинде орус филологиясы багытындагы студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, орус тилинин сулуулугун сахна аркылуу даңазалашты.
Декаданын алкагында “Күзгү марафон” кайрымдуулук акциясы, “Славян базары” аттуу ыр-бий сынагы, адабий кафе, ошондой эле чыгармачыл көргөзмөлөр жана интеллектуалдык мелдештер өткөрүлөт.
Бул он күндүк — студенттердин чыгармачылыгын өстүрүп, маданий баалуулуктарды урматтоого үндөгөн маанилүү окуя болуп саналат.
 Коммуникация жана медиа департаменти