КӨЭАУда 1-курс студенттеринин спартакиадасы башталды

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде факультеттер жана колледждердин 1-курс студенттери арасында спорттук спартакиадага расмий старт берилди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгы менен жарыяланган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун алкагында өткөрүлүүдө.
Спартакиаданын негизги максаты — студенттердин ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образын калыптандыруу, ошондой эле мыкты спортчуларды аныктоо болуп саналат.
Спорттук иш-чаранын ачылыш аземи бүгүн, 13-октябрда, университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун жана окуу жайдын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү. Ректор өз сөзүндө жаштарды дени сак жашоого үндөп, спорттук мелдештер достукту жана ынтымакты чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи.
Мелдеш 17-октябрга чейин улантылып, студенттер волейбол, кичи футбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана башка спорт түрлөрү боюнча күч сынашат. Жеңүүчүлөргө университет тарабынан акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат.
Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттырып, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Алдыда курч таймаштар, кубанычтуу жеңиштер жана жаркын эмоциялар күтүлүүдө!
Коммуникация жана медиа департаменти