Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи тарабынан 1-курстар арасында “Кыргыз тили жана адабияты”, “Орус тили жана адабияты” жана “Кыргызстан тарыхы” предметтери боюнча колледждер аралык олимпиада уюштурулду.
Иш-чарага ОшМУнун Эл аралык Билим берүү программалары колледжи (КМОП), Финансы-юридикалык колледжи (ФЮК), Индустриалдык-педагогикалык колледжи (ИПК), “Мурас” инновациялык колледжи, ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжи, ОшМПУнун колледжи, КӨЭАУнун Билим берүү инновациялар колледжи, медициналык колледжи жана STEM колдонмо кесиптер колледжинин студенттери катышышты.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:
“Кыргыз тили жана адабияты” предмети боюнча:
1-орун — М. Косимова (ОшМУ, ИПК)
2-орун — М. Кабулжанова (ОшМПУ)
3-орун — М. Абдиллабекова (КӨЭАУ, ББИК)
“Орус тили жана адабияты” предмети боюнча:
1-орун — М. Каримджанова (КӨЭАУ, ББИК) жана А. Алимбекова (КӨЭАУ, ББИК)
2-орун — Б. Юлчиева (КӨЭАУ, ББИК) жана И. Сайибжанова (КӨЭАУ, ББИК)
3-орун — М. Темиралиев (ОшМУ, ФЮК) жана К. Абдуллаева (КӨЭАУ, ББИК)
“Кыргызстан тарыхы” предмети боюнча:
1-орун — Ф. Сайитова (ОшМУ, КМОП)
2-орун — А. Алибаева (ОшМУ, КМОП)
3-орун — Т. Сыдыков (ОшМУ, КМОП) жана А. Райимбаева (ОшМУ, КМОП)
КӨЭАУнун окуу иштери боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Балтабаева Аида Тынайбековна жеңүүчүлөрдү куттуктап, дипломдорду жана ыраазычылык каттарды тапшырды.
Коммуникация жана медиа департаменти




