КӨЭАУда кезектеги Өндүрүштүк кеңешме ийгиликтүү өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыковдун төрагалыгы менен кеңейтилген курамдын катышуусунда өндүрүштүк кеңешме өткөрүлдү.
Окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева окуу иштери боюнча жетишилген ийгиликтер менен катар айрым кемчиликтерге да токтолду. Ошондой эле ал университеттин туруктуу өсүшүн камсыз кылуу, билим берүү сапатын жогорулатуу жана студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытындагы артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө социалдык жана чарбалык иштер боюнча аткарылган иштердин маалыматтары угулуп, алдыдагы иш-пландар талкууланды.
Профессордук-окутуучулук курам тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, университеттин келечектеги өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү маанилүү кадамдар аныкталды.
 Эскерте кетсек, Өндүрүштүк кеңешме жамааттын биримдигин чыңдап, стратегиялык багыттарды тактоого жана билим берүү сапатын арттырууга багытталган натыйжалуу аянтча болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти