30-октябрь күнү Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору, Окуу-усулдук кеңештин төрайымы, профессор Аида Балтабаеванын жетекчилиги астында Окуу-усулдук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
«Негизги билим берүү программасын этап-этабы менен долбоорлоо: миссиядан окутуунун натыйжаларына чейин» темасында баяндама — Окуу бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.Т.Пулатова тарабынан жасалды.
Санариптик трансформация жана анын билим берүү тармагындагы ролу тууралуу баяндама — МЧжБББ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Т.Э.Исаков тарабынан сунушталды.
Кеңештин жыйынтыгында окутуу сапатын жогорулатууга жана билим берүү процессин өркүндөтүүгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды жана окуу-усулдук колдонмолор бекитилди.
Иш-чарага факультеттердин декандары, кафедра башчылары жана окутуучулар катышып, билим берүү программаларынын мазмунун өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын айтышты.
Коммуникация жана медиа департаменти




