10-ноябрь — Илим күнүнө карата Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде “Илимдин үлгүлүү инсандары” аттуу чыгармачыл жолугушуу болуп өттү.

 Иш-чараны КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, өлкөдө жана университетте илим тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо багыты жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын баса белгиледи.
🏅 Андан соң КӨЭАУнун бир катар окумуштууларына Жогорку Кеңештин, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды. Бул сыйлыктар университеттин илимий-изилдөө иштериндеги жигердүү эмгегинин жана жетишкендиктеринин натыйжасы катары бааланды.
 Салтанаттуу бөлүктөн кийин “Илимдин үлгүлүү инсандары” аттуу чыгармачыл жолугушуу уланды. Иш-чара илимге жана инновацияга өз өмүрүн арнаган белгилүү окумуштуулар менен жаш изилдөөчүлөрдүн ортосундагы баалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болду.
 Жолугушуунун коноктору:
 Мухаммеджан Ташалиевич Мамасаидов, КР УИА академиги, техникалык илимдердин доктору, профессор — «Ай катмарына жеткен илимпоз» темасында баяндамасын сунуштады;
 Абдурашит Гумарович Низамиев, г.и.д., профессор — «Эл аралык илимий-изилдөөлөрдө долбоорлорду аткаруу тажрыйбасы» тууралуу ой бөлүштү;
 Максатбек Осмонович Сулайманкулов, КӨЭАУнун аспиранты — «Кыргыз Республикасынын Перс булуңунун өлкөлөрү менен экономикалык интеграциясынын перспективалары» боюнча илимий баяндама жасады.
 Иш-чара жаш илимпоздорго шыктануу берип, илимге болгон кызыгууну арттырган маанилүү демилге катары бааланды.
 Коммуникация жана медиа департаменти