Чыңгыз Ааламы» аттуу көргөзмө уюштурулду

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын жолугушуусунун алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган «Чыңгыз Ааламы» аттуу көргөзмө уюштурулду.
🔷 Иш-чарага «Ч. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форуму» коомдук уюмунун вице-президенти Динара Жумабаеванын эмгектери коюлган. Ал көргөзмөгө коюлган, өзүнүн кол эмгеги менен даярдалган сүрөттөрдүн ар бирине кеңири токтолуп, алардын жаралуу тарыхын кызыктуу баяндап берди.
🖼️ Кадимки айнек бетине түшүрүлгөн чыгармаларга айрыкча коноктор чоң кызыгуу менен баа беришти. Айтматовдун терең дүйнөсүн чагылдырган сүрөттөр көрүүчүлөргө руханий азык тартуулап, маданий баалуулуктарды терең сезүүгө мүмкүндүк берди.
📍Бул күндүн өзгөчөлүгү катары «Бир тууганга белек — китеп» аттуу акция да өтүп, эки элдин достугун даңазалаган дагы бир керемет саамалык болду.
 Коммуникация жана медиа департаменти