Белгилүү окумуштуу, жазуучу Абдыкерим Муратов КӨЭАУда конок лекция өттү

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттер жана магистранттар үчүн белгилүү окумуштуу, жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов терең мазмундуу конок лекция өтүп берди.
 Окумуштууну алгач университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык жана билим берүү багытындагы актуалдуу маселелер боюнча жылуу пикир алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Абдыкерим Муратов өзүнүн калемине таандык «Алымбек датканын арманы» жана «Эр Манас» аталышындагы китептерин университетке белекке тапшырды. Мындай баалуу эмгектери үчүн ректор Абдилбает Мамасыдыков ыраазычылык билдирип, автордун илим жана чыгармачылык иштерине ийгиликтерди каалады. Ал эми Абдыкерим Муратов университет тууралуу жылуу пикирлерин айтып, билим берүү тармагындагы оң өзгөрүүлөрдү жогору баалады.
📍Андан соң профессор «Чыңгыз Айтматов – этнопедагог» темасында Тарых-филология факультетинин студенттери, магистранттары жана кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучулары үчүн конок лекция окуду.
📍Лекциянын жүрүшүндө ал этнопедагогиканын маанисине кеңири токтолуп, Чыңгыз Айтматовду улуу жазуучу гана эмес, улуттук тарбиянын өзөгүн камтыган этнопедагог катары мүнөздөдү. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларында кыргыз элинин салт-санаасы, үрп-адаттары терең чагылдырылганын белгилеп, «Жамийла» повестинен мисал келтирди.
📍 Тажрыйбалуу окумуштуунун лекциясы жандуу суроо-жооп менен коштолуп, мындай жолугушуу келечекте дагы да көп-көп уюштуруу зарылдыгы белгиленди. Өз кезегинде профессор Абдыкерим Муратов университеттин жылуу кабыл алуусуна жана жаштардын активдүүлүгүнө жогору баа берди.
📍 Жолугушуунун жыйынтыгында ардактуу конок, профессор Абдыкерим Муратовго университеттин атынан ыраазычылык баракча тапшырылды.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти