КӨЭАУда академик Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий семинар өттү

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде академик Бектемир Мурзубраимовдун 85 жылдык маарекесине карата уюштурулган “Илимий мурасы жана өнүгүү жолу” аттуу эл аралык илимий семинарга Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинин окумуштуулары жана отуздан ашуун студенттери да катышты.
📍 Семинар КӨЭАУнун Инженердик-технологиялык жана табийгый- педагогикалык факультети тарабынан, факультеттин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Жумагүл Жээнтаеванын жетекчилиги астында уюштурулду.
📍Иш-чаранын ачылышында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Сыргак Сарыков куттуктоо сөзүн сүйлөп, академиктин Кыргызстандын билим берүү тармагына, айрыкча жогорку окуу жайларды өнүктүрүүгө кошкон зор салымына токтолду.
📍Андан соң Мурзубраимовдун замандаш-кесиптеши, окумуштуу, академик Махаммаджан Мамасаидов сөз алып, маарекенин өз убагында жана жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, билим берүү системасына эмгеги сиңген инсандарды даңазалоо — жаш муун үчүн чоң үлгү экенин айтты. Мурзубраимовду улуу педагог жана илимпоз катары өзгөчө белгиледи.
📍КРнын эмгек сиңирген ишмери, профессор Топчубай Исаков да Бектемир агай тууралуу оюн бөлүшүп, 50 жылдан берки биргеликте иштеген күндөрүн эстеп, анын көрөгөчтүгүнө, ишке болгон жоопкерчилигине жана тынымсыз эмгекчилдигине токтолду. Ошондой эле Мурзубраимовдун университеттин өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын белгилеп, ардактуу профессор болушуна себеп болгон эмгектерине баа берди.
📍Семинардын жүрүшүндө Табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Нурлан Ураимов академик Бектемир Мурзубраимовдун өмүр баяны боюнча кеңири баяндама жасады.
📍КӨЭАУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгамбердиев жана студенттер Б.Мурзубаримовду даңазалаган ырларды окуп, семинар катышуучуларынын маанайын дагы да көтөрүштү.
🏆 Бектемир агайдын өмүр таржымалы боюнча ыр жазган жаш калемгерлерге окумуштуунун үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
📍Илимий жана насааттуу өмүрүн билим берүү тармагына арнаган академик Бектемир Мурзубраимовдун маарекеси — жаш муун үчүн чоң стимул катары белгиленди.
 Коммуникация жана медиа департаменти