КӨЭАУда студенттер үчүн “Жаңы жыл жаңылануунун башаты” аттуу майрамдык салтанат өттү

 Б Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мыкты студенттер үчүн атайын жаңы жылдык майрамдык салтанат уюштурулуп, окууда, илимде, спортто жана маданий иш-чараларда ийгиликтерди жараткан алдыңкы студенттер сыйланды.
 Иш-чаранын ачылышында университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков сөз сүйлөп, студенттерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Ал окуу жайдын билим деңгээлин көтөрүүгө, маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө салым кошуп келген активдүү студенттерди өзгөчө белгилеп, максаттары бийик жаштарга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ректор университетте достукту, ынтымакты бекемдөө жана студенттер үчүн сапаттуу билим алуу шарттарын түзүү багытында системалуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.
Салтанаттын алкагында окуу жайдын аты берилген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Батыралы Сыдыковдун үй-бүлөсүнүн атынан окууда жана коомдук иштерде активдүүлүгү менен айырмаланган 10 студентке жылына бир жолу берилүүчү 5 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан тышкары, университеттин атынан спорт жана илимий багытта ийгиликтерди жараткан 64 студентке 2 000 сомдон сыйлык берилди.
 Ошондой эле Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитетинин адиси Исхак Эгемназаров майрамдык кечеге катышып, университеттин 3 алдыңкы студентине комитеттин “Ардак грамотасын” тапшырды.
 Белгилей кетсек, учурда КӨЭАУда 15 миңге жакын студент билим алууда.
Иш-чаранын соңунда студенттер үчүн Жаңы жылга арналган майрамдык концерт уюштурулуп, ал ыр-бий жана көңүлдүү программа менен уланды.
 Коммуникация жана медиа департаменти