Университетибизде англис тилин окутуу боюнча эл аралык адис жумалык дарс өтүп баштады

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетине англис тилин окутуу боюнча эл аралык деңгээлдеги адис, онлайн курстарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча тажрыйбалуу эксперт, 8 тилде эркин сүйлөгөн полиглот Йохан Хоффман мырза конокко келди.
Ал жуманын ичинде англис тили жана англис тили кошумча немис тили адистигинде окуган студенттер үчүн лекциялык жана практикалык сабактарды өткөрөт. Сабактар англис тилин окутуунун заманбап ыкмаларына, көп тилдүүлүк чөйрөсүндө эффективдүү коммуникацияны өнүктүрүүгө жана тил үйрөнүүдө мотивацияны күчөтүүгө багытталган.
Бул жолугушуу студенттер үчүн эл аралык деңгээлдеги баалуу тажрыйба болуп, алардын тилдик көндүмдөрүн чыңдоого, өз багытын аныктоого жана дүйнөлүк билим мейкиндигине чыгууга чоң өбөлгө түзөт.
 Коммуникация жана медиа департаменти