Университетте аспиранттардын жылдык аттестациясы башталды

 17-декабрь күнү КӨЭАУнун Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмү тарабынан аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жылдык аттестациясы расмий түрдө башталды.
 Эки күнгө пландалган бул илимий иш-чарага университеттин ар түрдүү илимий багыттарында билим алып жаткан аспиранттар жана изденүүчүлөр катышууда. Алар отчеттук мезгил ичинде аткарылган илимий иштеринин жыйынтыктарын сунушташты.
 Катышуучулар жарыяланган илимий макалалары, республикалык жана эл аралык конференциялардагы баяндамалары жана диссертациялык иштеринин даярдык деңгээли
боюнча кеңири маалымат беришти.
 Аспиранттардын илимий ишмердүүлүгүн баалоо үчүн университеттин жетекчи жана алдыңкы окумуштууларынан турган аттестациялык комиссия иш алып барды. Комиссиянын курамы:
– Атабеков Алмаз Каримович — экономика илимдеринин доктору, профессор;
– Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич — экономика илимдеринин доктору, профессор;
– Көкөева Алмагүл Мухтарбековна — юридика илимдеринин доктору, профессор;
– Тилекова Назира Дүйшөбаевна — педагогика илимдеринин кандидаты, доцент;
– Исаев Ильязбек Эркинбаевич — Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент.
 Комиссия мүчөлөрү ар бир аспиранттын ишине өзүнчө талдоо жүргүзүп, илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүү боюнча баалуу сунуштар жана методикалык кеңештерди беришти.
 Аттестациялык комиссиянын иши бүгүн – 18-декабрда да уланып, жалпы жыйынтык чыгарылат.
 Жаш окумуштуулардын илимий жолунда ийгиликтерди каалайбыз!
 Коммуникация жана медиа департаменти