КӨЭАУнун 3 факультетинде декандар шайланды

 3–6-ноябрь күндөрү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде факультет декандарын шайлоо өтүп, эмгек жамаат жигердүү катышты.
Шайлоо жыйынтыгына ылайык төмөнкү талапкерлер жеңишке жетишип, аталган факультеттердин деканы болуп шайланышты:
•⁠ ⁠Гуманитардык-педагогикалык факультетинин декандыгына – педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Айтышова Жаңыл Токтосуновна;
•⁠ ⁠Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин декандыгына – физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна;
•⁠ ⁠Юридика-экономика факультетинин декандыгына – юридика илимдеринин доктору, профессор Көкөева Алмагүл Мухтарбековна шайланды.
Шайлоо процессинин ачык жана адилет өтүшүн камсыз кылуу максатында атайын шайлоо комиссиясы түзүлүп, төрайымдыкты окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева аткарды.
Жаңы шайланган декандарды куттуктайбыз жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалайбыз!
 Коммуникация жана медиа департаменти