Алымбек датканын 225 жылдыгына карата Ош шаарынын мэри тарабынан жарыяланган сүрөт көргөзмө-сынагы ийгиликтүү өттү

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде Алымбек датканын 225 жылдыгына карата Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаевдин демилгеси менен жарыяланган сүрөт көргөзмө-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурлан Закиров, университеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Алгач тажырыйбалуу адистерден турган калыстар тобу студенттер тарткан сүрөттөрдү көрүп чыгып, жыйынтык чыгарды.
Университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков куттуктоо сөз сүйлөп, жаштардын чыгармачылыгын колдоого алган Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге ыраазычылыгын билдирип, мэрдин фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктар студенттер үчүн чоң стимул болгонун белгиледи.
 Ош шаарынын вице-мэри Нурлан Закиров Ош мэриясы тарабынан сунушталган долбоорду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн университет жетекчилигине жана таланттуу студенттерге шаар башчынын атынан ыраазычылык билдирип, Илим күнүнө карата бир катар окутуучуларга Ош шаарынын мэриясынын “Ардак грамоталарын” тапшырды.
 Калыстар тобунун чечими менен жогорку деңгээлде тартылган эмгеги үчүн Бану Гапыржанова Баш байге — 30 миң сом жана диплом менен сыйланды. I орунга ээ болгон Элиза Ысмаилова 20 миң сом, II орунга татыган Токтогул кызы Сүйүмкан 15 миң сом, III орун – Көчкөнбаева Лира 10 миң сом менен, сынакка жигердүү катышкан бир топ студенттер 3000 сом жана дипломдор менен сыйланышты.
Ал эми Адилбек кызы Аяна Ош шаарындагы балдар реабилитациялык борбору үчүн тартылган сүрөттөр арасында Баш байгеге ээ болуп, 30 миң сом акча жана диплом менен сыйланды.
 Иш-чаранын соңунда студенттердин кол эмгегинен даярдалган мода коллекциясы көрсөтүлүп, кече ыр-бий менен жыйынтыкталды.
 Коммуникация жана медиа департаменти